Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Кыргыз-тажик чегинде жер силкинди

25-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Силкинүүнүн очогу Жаңы-Даван ашуусунда катталып, күчү 4-4,5 баллды түзгөн. Аталган аймактан 35 чакырым узакта Кыргызстандын Алга, Кара-Тейит жана Сары-Таш айылдары жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиинин маалыматында зилзала катталган аймакта олуттуу кыйроолор болгон эмес. (UEz)

​
XS
SM
MD
LG