Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Иран менен Сауд Арабия ортодогу чыңалууну жоюуга бар аракетин жумшоого тийиш деп билдирди. Региондун стабилдүүлүгү, терроризм, экстремизм, диний бөлүнүп-жарылуу өңдүү чыныгы коркунучтарга биргелешип туруштук берүүгө салым кошкон бардык демилгелерди кароого даярбыз, - деди Аббас Аракчи бүгүн Тегерандагы пресс-конференцияда.
Регионалдык эки атаандаш-өлкө ортосундагы мамилелер өткөн айда Эр Риядда шийилердин таанымал диниятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин курчуп кеткен. Тегерандагы элчилиги жаалданган демонстранттардын чабуулуна туш болгондо Сауд Арабия Ислам жумурияты менен дипломатиялык алакаларын токтотуп салган.
Аракчи бүткүл дүйнөгө кооптонуу жараткан "экстремист террорчул элементтерге" каршы күрөштүн маанисине да токтолду.
Сунилер үстөмдүк кылган Сауд Арабия менен шийи-мусулмандардын таянычы Иран Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүүлүк үчүн бири-бирин айыптап келатышат.