Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Түмөнбаев: ИИМдин тараткан маалыматтары чындыкка коошпойт


Руслан Түмөнбаев
Руслан Түмөнбаев

Жол кайгуул кызматкерлери менен чатакташкан Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев коомчулукка кайрылуу жасады. Анын кайрылуусунда милиция болуп өткөн окуя тууралуу жалган маалымат таратып жатканы айтылат. “Мен ичкилик ичпейм жана чыр чыкканда тапанча колдонгон эмесмин” деген Түмөнбаев.

21-январга караган түнү Руслан Түмөнбаев менен Жол кайгуул кызматкерлери ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада спортчуга кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийинчерээк сот аны сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошоткон.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги маалымат жыйын куруп, мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Түмөнбаев чатак учурунда мас абалында болгонун тастыктоочу медициналык справка бар экенин билдирди. UEz)

XS
SM
MD
LG