Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

26-январдын аба ырайы


Узакка созулган жылуу, кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 27-28-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүзү 11...16

Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүзү 11...16

Ош,Баткен,Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүзү 11...16

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүзү 1...6

Нарында түнкүсү -14...-19, күндүзү -5...-10

Бийик тоолуу райондордо түнкүсү -19...-24, күндүзү -6...-11

26-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 градус сууктан…1 градуска чейин жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 13…15 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG