Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Жоокерди сабады делген командир иштен алынды


УКМКнын 64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду токмоктоду делген рота командири, капитан Нурлан Аралбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган аскер бөлүктүн командири, анын орун басары да иштен четтетилди.

21-январда жоокердин энеси арыз менен республикалык жоокерлердин энелери комитетине кайрылган. Маалыматка ылайык, жоокер рота командири, капитан Аралбаев тарабынан аеосуз сабалган. Токмоктон жоокердин денеси көгөрүп, баш мээси чайкалган. Учурда аскер прокуратурасы бул факт боюнча териштирүү иштерин баштаганын Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев “Азаттыкка” тастыктады. (UEz)

XS
SM
MD
LG