Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Евробиримдиктин Антитеррордук борбору ачылды


Европа биримдиги экстремизмге каршы күрөштү координациялоочу жаңы борборду ачты. Коопсуздук күчтөрүнүн Антитеррордук борборунун Гаагадагы кеңсесинде 40-50 адис иштейт. Европолдун башчысы Роб Уэнрайттын айтымында, алар чалгындоо кызматтарынын маалыматтарын бөлүшүү, чет өлкөлүк согушкерлерди издеп табуу, мыйзамсыз каржылоо жана курал булактарын аныктоо, Евробиримдиктин мүчөлөрүнө иликтөө иштеринде жардам берүү менен алектенмекчи. Расмий маалыматтарга ылайык, биримдиктин беш миңдей жараны Ирак жана Сириядагы согушка катышып, радикалдашкан. Көбү мекенине кайтып келүүдө.

"Террорчулар жараткан коркунуч Еврошаркеттен чечкиндүү жоопту талап кылат", - деп белгиледи Европолдун жетекчиси.

XS
SM
MD
LG