25-январда жарыяланган маалыматка караганда, Бишкекте иштеген “Жумаш-инвест” жана “Умар компани” акча алмаштыруу жайларынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Алар республиканын мыйзамдарын жана Улуттук банктын нускамаларын бузган деп айыпталды.
Улуттук банк сомдун курсун сактоодо чайкоочулукка жол бербеш үчүн акча алмаштыруу жайларына көзөмөлдү күчөтүүдө. Шейшемби күнгө Улуттук банк бир доллардын баасын 75 сом 89 тыйын деп белгилеген. (AiT)