Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Европа Кеңеши Крымда адам укугунун сакталышын текшерет


Орусия басып алган Украинанын Крымы, 23-январь, 2016-жыл.
Орусия басып алган Украинанын Крымы, 23-январь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьерн Ягланд 25-январда билдирди. “Крымда 2,5 млн калк жашайт. Алардын баары Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын коргоосуна алынган. Бул конвенциядан алар пайдаланыш керек”,- деди Ягланд. Анын айтуусунда, миссия толук көз карандысыз болуп, анын Крымдын аймактык статусуна тиешеси болбойт.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Крымда өткөрүлгөн референдумду Батыш өлкөлөрү тааныган эмес. Андан бери украиначыл активисттердин, журналисттердин жана Крым татарларынын негизги укуктарын сактоо начарлаганы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку коммисарынын 2015-жылдагы баяндамасында көрсөтүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG