Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

АКШ администрациясы Владимир Путинди коррупциялашкан деп эсептейт


Президент Путин Ставрополь крайындагы жалпы орусиялык фронттун жыйынында, 25-январь, 2016-жыл.
Президент Путин Ставрополь крайындагы жалпы орусиялык фронттун жыйынында, 25-январь, 2016-жыл.

Бул тууралуу АКШнын каржы министринин орун басары Адам Шубин Би-Би-Сиге берген интервьюсунда билдирди. “Биз ал жакын досторун жана кызматкерлерин байытуу менен алек болуп жатканын байкап турабыз. Орусиянын жаратылыш байлыктарын пайдаланууда жана мамлекеттик буйрутмаларды аткарууда, ал ага кызмат кыла тургандарга жакшы шарт түзүп, ал эми ишеничке кирбегендерди четке түртөт. Менин пикиримде, бул коррупция деген аныктамага туура келет”,- деп билдирди Шубин дүйшөмбү күнкү маегинде.

Шубиндин интервьюсу “Путиндин жашыруун байлыгы” деп аталган тасмада жарыяланды. Фильм дүйшөмбүдө Би-Би-Си телеканалында көрсөтүлдү. Кошмо Штаттар 2014-жылы Владимир Путиндин жакынкы чөйрөсүндөгү ишкерлерге, кызматкрелерге санкция киргизип, бирок анын өзүн коррупция боюнча айыптаган эмес эле.

Владимир Путин анын маалымат кызматы коррупция боюнча айыптоолорду толугу менен четке кагып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG