Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

“Кыргызалтын” “Центерра голд инктин” Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө конкурс жарыялады


"Centerra Gold Inc." корпорациясынын аткаруучу директору Скот Перри.
"Centerra Gold Inc." корпорациясынын аткаруучу директору Скот Перри.

“Кыргызалтындын” маалымдоосуна караганда, конкурска экономикалык, юридикалык же техникалык жогорку билими бар, англис тилин, тоо-кен тармагын билген талапкерлер катыша алат. “Центерра голд инктин” 12 мүчөдөн турган Директорлор кеңешине үч талапкер “Кыргызалтын” тарабынан сунушталат.

Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан азыркы мүчөсү Кылычбек Шакировдун билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылы жаз айларында боло турган Директорлор кеңешинин жыйынында жаңы мүчөлөрдү дайындоо маселеси чечилет. Кыргыз өкмөт башчысы Директорлор кеңешиндеги “Кыргызалтындын” азыркы өкүлдөрүнүн ишине нааразылык билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG