Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Кайыпов: Нарында митинг болбойт


Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.
Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун “Азаттыкка” билдиришинче, 27-январга белгиленген митинг болбойт. Кайыповдун ырасташынча, нааразы эл өкмөттүн ыкчам кабыл алган чечимдерине ыраазы. Учурда өкмөттүн чечими боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Анткен менен укук коргоочу Качкын Булатов өкмөт чечимине карабай митинг өтөрүн айтууда.

Буга чейин Нарын эли өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы 27-январга митинг белгилешкен. Бирок кечээ, 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан. Анда аталган долбоорго терең анализ жасалбаганы баса белгиленип, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган.(MiK/UEz)

XS
SM
MD
LG