Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Падыша-Ата сыйынуучу жайы талашка түштү


Аксынын Кашка-Суу айылынын жүздөй тургуну Ала-Бука райондук сотунун имаратынын алдында нааразылык акция өткөрүштү. Жергиликтүү кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, 25-январда Падыша-Ата сыйынуучу жайына байланыштуу соттук отурум өтмөк. Бирок отурум судьянын эмгек өргүүсүндө болгондугуна байланыштуу өтпөй калган. Мындан улам чогулган жүзгө чукул жаран кийинки соттук коллегияны айылда өткөрүүнү суранышты.

1998-жылы Падыша-Ата зыярат кылуучу жайы 2,9 гектар жери жеке ишкер Эркин Бегимкуловго ижарага берилип, кийинчерээк менчиктештирилип кеткен. Жергиликтүү бийлик аны кайтарууга сотко берип, 2013-жылы Жогорку Соттун чечими менен аталган жай элдин кароосуна өткөрүлүп берилген. Өткөн жылы айылдыктар жеке ишкер зыярат кылуучу жайды иштетүүгө тоскоолдук жаратып жатат деген негизде президент баштаган бийлик бутактарына кайрылуу жолдошкон. Андан соң Бегимкулов жеке аброюма шек келтирди деген негизде январь айында айыл өкмөттүн төрт кызматкери менен бирге жергиликтүү кенештин бир депутатын Ала-Бука райондук сотуна берген. Талаш жараткан аймакта 2013-жылы корук уюштурулуп, азыр зыярат кылуучу жайды жергиликтүүлөр иштетип келет. Ал жерде 9-10-кылымга таандык археологиялык имараттар жайгашкан.(RsK)

XS
SM
MD
LG