Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Ошто өз баласын 15 миң сомго саткан келин кармалды


Ош облусунда 27 жаштагы келин жаңы төрөлгөн баласын 15 миң сомго сатты деп шектелүүдө. Ички иштиер министрлигинин маалымат кызматкери Эрнист Осмонбаевдин “Азаттыкка” ырасташынча, ымыркай 36 жаштагы Орусия жаранына сатылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча оштук келин 19-декабрда көз жарып, окуя үч күндөн кийин болгон. Ымыркай учурда орус жаранынын колунда.

Ош милициясы адам сатуу, документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүү эки жаран сыртка чыкпоо тил каты менен эркиндикке бошотулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG