Элдин митингге чыгып, эркин пикир айтуусуна эч ким тыюу сала албайт. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев нарындыктар менен болгон жолугушууда билдирди. Текебаев тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алуу маселеси парламентке талкууга коюлбаганын, демилге комитетте гана каралганын кошумчалады.
Эл менен жолугушууга КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков, “Ата Мекен” фракциясынын Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу эл өкүлдөрү барды. Алар жергиликтүү элдин талаптарын угууда.
Буга чейин Нарын облусунун жашоочулары өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы 27-январга митинг белгилешкен. Бирок кечээ, 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан. Анда аталган долбоорго терең анализ жасалбаганы баса белгиленип, мыйзамды даярдаган Социалдык өнүгүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган. Бирок аймактын активисттери буга карабай 27-январда митингге чыгарын айтууда.(MiK)