Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Базар-Коргон депутаттары өкмөт токтомдоруна каршы


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык депутаттары бүгүнкү жыйынында өкмөттүн өткөн жылда чыгарган айыл чарба жерлери үчүн салыкты жогорулатуу боюнча токтомуна каршылык билдирип, министрлер кабинетине салыкты баштагы калыбында калтыруу сунушун жолдоду. Депутаттар унааларды жана турак жайларды милдеттүү камсыздандырууну токтотуу талабын да билдиришти.

Салык кодексинин 337-беренесинин негизинде 0,1 коэффицент менен сугат жерлерге салык төлөгөн жарандар өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык 700-1200 сомго чейин төлөөсү белгиленген. Мындан сырткары азыр жер-жерлерде социалдык фондко төлөмдөрдүн кескин өсүүсү да нааразылык жаратууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG