Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Хомс шаарындагы бүгүнкү кош жардыруудан 22 адам мерт болуп, жүздөн ашуун киши жаракат алганын өлкөнүн мамлекеттик телеканалы кабарлады. Хомстун губернатору алгач көзөмөл-өткөрүү бекетине багытталган мина коюлган машине жардырылганын, ага удаа эле жанкечти-террорчу өзүн жардырганын билдирди.
"Аль-Майдан" телеканалы көрсөткөн кадрлардан жардыруу болгон жерге жакын дүкөндөр, үйлөр катуу жабыркаганын көрүүгө болот.
Хомс Сириядагы үчүнчү ири шаар. Жарандык согушка алып келген бийликке каршы толкундоолор алгач ушул шаардан чыгып, 2012-жылы өкмөттүк күчтөр козголоңчуларды кууп чыгуу менен көзөмөлдү колго алган.