Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Абактан качкан Абдрахмановго операция жасалды


Түрмөдөн качып кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна Бишкектеги №47 абакта операция жасалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, дарыгерлер Абдырахмановдун тизеден ылдыйкы каржилигине атайын желим коюшту. Операцияга кеткен каражатты Кызыл чырым уюму көтөргөн.

Эдил Абдрахманов октябрь айында Чүйдөгү №50 абактан качкан 9 адамдын бири болгон. Ал бир нече күндөн кийин Бишкектин жанындагы Көк-Жар айылынан кармалган. Кармоо учурунда бутуна ок жеп, дароо ооруканага түшкөн. Террорчулук үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Абдрахманов №47 абакта кармалууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG