Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Тоолуу аймактардагы жеңилдиктер үчүн жылына 4,5 млрд сом керек


Бийик тоолуу аймактар үчүн маянага кошумча акча үчүн жылына бюджеттен 4,5 млрд сом кетет. Бул каражатты өкмөт элдин чөнтөгүнөн эмес, башка жактан табышы керек. Мындай оюн Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев Нарында эл менен жолугушуусунда билдирди.

- Өкмөт 4,5 млрд сомго көзүн кызартпай, тескерисинче экспортту көбөйтүү менен, завод-фабрикаларды куруп толтурса болот эле. Биз бул тууралуу да өкмөткө айтып атабыз. Негизи бюджетти элдин чөнтөгүнө кол салып толтуруу уят,- деди Текебаев.

Бүгүн, 26-январда Нарынга эл менен жолугушууга КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков, “Ата Мекен” фракциясынын Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу эл өкүлдөрү келип, бийик тоолуу аймактын көйгөйлөрүн угушту. (MiK)

XS
SM
MD
LG