Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Роухани Иран "эң туруктуу жана коопсуз өлкө" экенин айтты


Италия - Иран президенти Хасан Роухани Италия премьери Маттео Ренци менен. Рим, 25-январь, 2016.
Италия - Иран президенти Хасан Роухани Италия премьери Маттео Ренци менен. Рим, 25-январь, 2016.

Иран президенти Хасан Роухани бүгүн Римде ишкер чөйрөнүн лидерлери менен жолугушууда "Иран аймактагы эң туруктуу жана коопсуз өлкө экенин" айтты.

Иран президенти Италияга кечээ эки күндүк сапар менен келген. Ал алгач Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци менен жолугушуп, тараптар жалпы суммасы 17 миллиард евродон ашкан ишкер келишимдерге жетишти.

Хасан Роухани Европадагы сапарын Италиядан кийин Францияга улантат. Бул Иран президентинин соңку жыйырма жыл ичинде Европа чөлкөмүнө жасаган алгачкы сапары. Ал Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган 16-январдан кийин мүмкүн болду. Санкциялар алынган күндүн эртеси Европа менен Азиянын бир катар өлкөлөрү Тегеран менен кызматташтыкты калыбына келтирүү сунуштары менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG