Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Орусияда 40 чакты балыкчы куткарылды


Ырракы Чыгыштагы Хабаровский крайында деңизге тоңгон муз сынышынан сууга түшүп кеткен 40 чакты балыкчы куткарылды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-январда деңиз жээгине жакын муздун чоң бөлүгү сынып, анын үстүндө токтоп турган 28 автомобиль да сууга түшүп кеткенин кабарлады.

Бул чөлкөмдө тоңгон муздун үстүнөн балык уулоо көнүмүш көрүнүш. Адатта муз жаз келиши менен эрип баштачу. Бирок быйылкы аба ырайындагы өзгөрүүлөрдөн улам күн жылып, суу үстүндөгү муз да жумшара баштаганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG