Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Өзбекстанда учакка лазер нурун жибергендерге жаза белгиленет


"Өзбекстан аба жолдору" компаниясынын учактары
"Өзбекстан аба жолдору" компаниясынын учактары

Өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары учакка атайлап лазер нурун жибергендерге жаза белгилеген мыйзам долбоорун даярдап жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү медиага таянып жазып чыкты. Анда 2014-2015-жылдарда өлкөдө учакка лазер нурун жиберген 16 учур катталганы айтылат. Алардын тогузу Ташкентте, үчөө Самаркандда, экөө Бухарада, дагы экөө Ферганада болгон.

Эксперттер учак конуп, же көтөрүлүп жаткан учурда лазер нуру учкучтар кабинасына түшсө көзгө чагылып, аларды адаштырышы мүмкүндүгүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG