Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун билдирүүсүнө караганда, ал Жогорку Соттун Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованын мандаттан ажыратуу боюнча өткөн жумадагы чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, андай чечим чыгарган судьялардын кызматтан кетишин талап кылат.
Укук коргоочунун пикиринде, Жогорку Соттун чечими Кыргызстан укуктук, мыйзамды сактаган өлкө эместигин далилдейт. Ал эми эки депутат айым саясий оюндардын курмандыгы болуп калды. (AiT)