Бул тууралуу 26-январда Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 27-январда Жогорку Сот прокуратуранын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карайт. Буга чейинки соттун чечиминен Кадыралиев үй камагына чыгарылган.
Канжар Кадыралиевден зомбулук көргөн ишкер Сактан Келдибаев анын боштондукка чыгуусуна бийликтеги таасирлүү адамдар кызыкдар болууда деген пикирин билдирген. Канжар Кадыралиев көз боемочулук, өзүм билемдик жана опузалоо беренелери боюнча айыпталып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. (AiT)