Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Жалал-Абад: Жол эрежесин бузгандардан 37 миллион сом чогулду


2015-жылы Жалал-Абадда жол эрежесин бузгандардан 37 миллион сом чогулган. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Рысбаев "Азаттыкка" билдирди. Каражат өткөн жылдарга караганда айып акчаларынын көтөрүлүшүнө байланыштуу көп чогултулган.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде 110 атайын иш чара өткөрүлүп, 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 52 миңден ашык айдоочу административдик жазага тартылган.

- Анын ичинен 1700 айдоочу мас абалында кармалса, 932 адам айдоочулук укугунан ажыратылды, - деп билдирди Рысбаев.

Облус аймагында 77600дөн ашык автоунаа каттоодон өткөн. Мындан тышкары 50 миң унаа сырттан кирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG