Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Нарын: митингге чыккандар өкмөт алдына 5 талап коюшту


 Нарындагы жыйын, 27-январь, 2016-жыл.
Нарындагы жыйын, 27-январь, 2016-жыл.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызынын маалымдашынча, митингге чыккандар бийликке 5 талаптан турган кайрылуу жолдошту.

Алар 32 кишиден турган комиссия түзүп, президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу даярдашкан. Кайрылууда бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктер жоюлбагандыгын тастыктаган токтомду көрсөтүү, кыш мезгилинде электр энергиясына болгон жеңилдиктерди көбөйтүү, турак жайды жана автоунааны камсыздандыруу үчун мажбурлабоо, жөлөк пулдарды көбөйтүүү жана соцфонд төлөмдөрүн азайтуу талаптары жазылган.

Бүгүн, 27-январда Нарын шаарынын борбордук аянтына өкмөткө нааразы болгон эл митингге чогулушту. Митинг уюштуруучулардын айтуусунда, миңге чукул, жергиликтүү бийликтин эсебинде 500дөй киши катышты. Митинг уюштуруучулары талаптар боюнча өкмөттөн 10-февралга чейин жооп күтөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG