Жыл башында тамакка ууланып, ооруканага түшкөн эки бейтаптын абалы жакшырып, өз алдынча дем ала баштады. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бейтаптар жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат.
Январдын башында Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунан 25 адам үй шартында жасалган кышкы салаттарга ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын экөө Бишкекке жетпей ботулизм илдетинен көз жумган. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматтык иликтөө аяктаса, эки бейтапты өлүмгө жеткирген Тогуз-Торонун дарыгерлери боюнча иш прокуратурага өткөрүлүп берилерин айткан. (UEz)