2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жол кырсыгынан 981 адам каза тапкан. 9 миң 479 адам жараат алган. Анын 43% жөө кишилерди сүзүп кетүү фактысы.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, медиа, активисттер жана коомчулуктун жардамы менен аныкталган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган 582 жол кайгуул кызматкери аныкталып, алардын 37сине эскертүү, сөгүш жарыяланып, 24ү кызматтан четтетилген.
Саркуловдун маалыматында, жол эрежесин бузган айдоочулардын арасында пост терминалдар аркылуу айып пул төлөөчүлөрдүн саны өскөн:
- Эгер 2014-жылы пост терминалдарда электрондук карта аркылуу 1,5 миллион сомдон ашуун акча түшкөн болсо. 2015-жылы электрондук айып пул төлөөчүлөрдөн түшкөн сумма 5 миллиондон ашкан.
Өткөн жылы жалпы Жол кайгуул кызматы аркылуу бюджетке 404 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн. (SA)