Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Данияда Zika вирусу катталды


Zika вирусун таратуучу чиркей.
Zika вирусун таратуучу чиркей.

Жергиликтүү дарыгерлер билдиргендей, аталган вирусту жуктурган даниялык турист Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнө барып келген.

Аархус университетинин ооруканасы бейтаптын чоо-жайы тууралуу ачык айткан жок, бирок вирус өлкөгө жайылып кетет деген тобокелдик анчалык чоң эместигин белгиледи. Себеби, Zika вирусун алып жүрүүчү чиркей Даниядан табылган эмес.

Учурда вирус балдардын башы кичинекей болуп төрөлүүсүнө себепкер деген божомол айтылууда. Медицинада бул көрүнүштү микроцефалия же мээнин өспөй калуусу деп баалашат.

Бул аралыкта орус президенти Владимир Путин саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцовага Zika вирусунун Орусияга ыктымал кирүүсүнө көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.(UE)

XS
SM
MD
LG