Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Путиндин ишине орусиялыктардын 18% нааразы


Москвадагы “Левада борбору” билдиргендей, алардын январь айындагы сурамжылоосу мына ушундай тыянак берди.

Башкача айтканда сурамжылоого тартылгандардын 82% Путиндин президенттик кызматтагы ишмердигин колдошсо, 18%ы нааразы экенин билдиришкен.

Бул орус президентинин рейтинги мурдагы сурамжылоодон бери 6%га түштү дегенди билдирет.

“Левада борборунун” соңку сурамжылоосу “өлкө туура эмес жолдо” кетип жатат деп санагандардын көрсөткүчү мурдагы 27%дан 34%га өскөнүн көргөзгөн.

Былтыр ноябрда коомдук пикирди иликтөөнүн Бүткүл орусиялык борбору алардын сурамжылоосуна ылайык Путиндин рейтинги 88%га чыкты деп маалымдаган. (UE)

XS
SM
MD
LG