Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ЕККУ Беларуста полициянын журналистке кол салганын айыптады


Беларус полициясынан келтек жеген Павел Добровольски
Беларус полициясынан келтек жеген Павел Добровольски

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович бүгүнкү билдирүүсүндө беларус бийликтерин журналист Павел Добровольскийдин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

“Tut.bu” жаңылыктар сайтынын редактору Добровольский Минскте 25-январь күнү эки демонстранттын кармалышына байланышкан окуяны соттон чагылдырып жаткан кезинде полиция тарабынан сабалган.

Бети-башы жабыркаган журналист өзү да “хулиганчылык кылган, полицияга баш ийбеген” деген кине менен административдик жазага тартылып, айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Журналисттин айтымында, анын уюлдук телефонундагы маалыматтарды полиция өчүрүп салган.

ЕККУнун өкүлү Миятович Беларустагы бул көрүнүштү “келишкис” деп атап, “полиция журналисттин ишине тоскоолдук кылып, аны коркуткандын ордуна жардам берүүсү керектигин” белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG