Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери үчүн конкурс жарыяланды


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин кабарлоосуна караганда, бул кенди иштетүүгө кызыккан тараптар быйылкы жылдын 7-мартына чейин тийиштүү документтерди тапшырууга тийиш. Конкурстун негизги шарттарынын бири бюджетке 10 млн. доллар төлөө. Куттуу-Сайда сейрек кездешүүчү металлдардын кени бар. 2009-жылы Канаданын “Стэнс энержи” компаниясы кенди иштетүүгө алып, бирок 2011-жылы лицензиясын алдырган. Ал кыргыз өкмөтүнүн чечимин сотко берип, 118 млн. доллар доо койгон. Бирок Москва арбитраждык соту Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган. (AiT)

XS
SM
MD
LG