Орусиядан Германияга иммиграцияланып келген 13 жаштагы кыздын зордуктоо боюнча арызын саясий максатта пайдаланбоого Берлин Москваны эскертти. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмаер “бул маселеде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөнүн ички ишине кийлигишүүдө, ансыз деле мигранттар жөнүндөгү Германиядагы татаал талкууларга от чачып, аны саясий үгүт максатында пайдаланууну актоого болбойт”, деп 27-январда билдирди.
Канцлер Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штеффен Зайберт бул окуяны “Орусия саясий максатта пайдаланып жатышын” ылайыксыз деп атап, өлкөнүн укук коргоо органдары четтен кийлигишүүсүз аны тергеп чыгууга жөндөмдүү экенин белгиледи.
22-январда бир күнгө жоголуп кеткен секелек кыз Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар тарабынан уурдалып, зордукталганын полицияга билдирген. Сергей Лавров “жаш кыз өз эрки менен 30 саатка жоголуп кетпесин, ички саясий себептерге карабай акыйкаттык жана чындыкты орнотууга” 26-январда Германия бийлигин чакырган. (AiT)