Гаагадагы Эл аралык сот 2008-жылы Грузиянын аймагындагы Түштүк Осетиядагы кагылышуу учурундагы кылмышка шектүү жагдайларды иликтей баштады. Соттун 27-январда тараткан маалыматында, 2008-жылы 1-июлдан 10-октябрга чейинки орус-грузин согушунда адамзатына каршы кылмыш жасалган, анын ичинде өлтүрүүлөр, күч менен көчүрүү, карапайым калкка жана тынчтык орнотуу күчтөрүнө каршы аскердик кылмыштар жасалган деген айыптоолорго “негиз бар” экендиги айтылган. Буга байланыштуу соттук прокурорго иликтөө иштерин жүргүзүү өткөн жылы октябрь айында тапшырылган. Орусия Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялаган эмес. Грузия ратификациялаган. (AiT)