Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу мурунку спикер Акматбек Келдибековдун иши бүгүн түштөн кийин Бишкек шаардык сотунда уланат. Сот 19-январда бул боюнча ошол кездеги парламент мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн угууну баштаган. Бул тууралуу Келдибековдун карындашы Чынара Келдибекова “Азаттыкка” билдирди.
Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталып, 2013-жылы камакка алынган. Өткөн жылы Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 млн сом айып пул салган.
Адвокаттар өкүлчүлүктү ачуу жалпы парламенттин чечими болгонун белгилеп, аны аныктоо үчүн ошол кездеги депутаттарды күбө катары суроону, Келдибековду толук актоону талап кылууда. (SE)