Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Ботобеков кайсыл өлкөдөн башпаанек алуу боюнча бир чечимге келе элек


Оппозициячыл активист жана публицист Уран Ботобеков баш калкалоо үчүн Түркияга кеткенин, бирок андан ары кайсыл мамлекетке өтөрү анык эместигин анын карындашы Айшат Токтоназар кызы “Азаттыкка” билдирди.

-Мага Түркиядан байланышка чыгып жатты. Ал жакта эки баласы окуйт. Ошолордун жанына кетти окшойт. Үй-бүлөсү азырынча Кыргызстанда. Эми кайсыл мамлекеттен башпаанек сурайт, ал белгисиз. Адвокаттар менен кеңешкенден соң билинет.

Буга чейин сот президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1 млн 800 миң сомдук айып пулга жыккан. Буга активисттин былтыр “Кабар ордо” сайтында жарыяланган маеги себеп болгон.

Ботобеков Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу 27-январда кечинде маалымдалды. (SE)

XS
SM
MD
LG