Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Өкмөт башчы Бишкекте киреше чогултууну жандантууну тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарында жергиликтүү бюджетти толтуруу жана салык топтоо жаатында иштер жакшы эместигин сынга алды. Бул тууралуу пикирин бүгүн мэриянын коллегиялык жыйынында айтып, калаа бийлигине киреше чогултууну жандантууну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 7 075,3 млн сомду түзүп, болжолдонгон план 92,6%га аткарылган. Тагыраак айтканда, 562,2 млн сом чогултулбай калган.

Сариев баш калаа жетекчилигин, район акимдерин, салык кызматынын башчыларын жоопкерчиликтүү болууга чакырып, тийиштүү каражатты чогултууга колдогу мүмкүнчүлүктүн баарын жумшоону эскертти. (SE)

XS
SM
MD
LG