Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

АКШда косоволук хакердин үстүнөн сот башталды


Америкалык армиянын 1 миң 351 кызматкеринин жеке маалыматтарына хаккердик жол менен ээ болуп, “Ислам мамлекети" радикал тобуна жөнөткөн Косово жаранынын иши кечээ АКШ сотунда карала баштады.

20 жаштагы Ардит Феризиге терроризм үчүн айып тагылууда. Жигит өткөн октябрда Кошмо Штаттардын ордери боюнча Малайзияда кармалып, АКШга өткөрүлгөн. Соттук документтерде ырасталгандай, косоволук хакер америкалык интернет-дүкөндүн серверин бузуп, аскерлердин жеке маалыматтарын уурдаган жана “Ислам мамлекетине”, британиялык хакер Жунаид Хусайинге өткөрүп берген. Хусайин ал тууралуу былтыр августта Твиттерде жазган.

Феризи ошондой эле радикалдардын пропагандасын камтыган компьютердик программа түзүүнү сунуш кылган. Маалыматка караганда, андай программаны эч ким өчүрө албайт. Күнөөсү далилденсе, Феризи 35 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG