Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөр 6-февралда уланат


Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШнын өкүлдөрү эмки айда Исламабадда Кабул менен "Талибан" кыймылынын тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жолдорун талкуулоону улантышат. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги бүгүн билдирди. Тышкы мекеменин маалымат катчысы Казы Халилуллах 6-февралдагы жыйын жол картасына жетишүүнү көздөөрүн кошумчалады. Жыл башынан бери мындай форматтагы жолугушуу ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлмөкчү. Халилуллахтын айтымында, Пакистан премьер-министри Наваз Шариф талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу аракеттеринин алкагында жакын арада Катарга барат. Бирок сапар жөнүндө кеңири маалымат берилген жок.

Бир нече күн мурун Ооганстандагы талиптер алардын атынан сүйлөшүүгө катышуу укугу Катардагы “саясий кеңсесине” берилгенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG