Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Атамбаевдин үстүнөн жазылган арыз боюнча сот 8-февралда уланат


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын карай баштады. Бүгүн алгачкы отурум болуп, судья тараптардын пикирлерин укту. Кийинки отурум 8-февралга белгиленип, анда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угуларын “Азаттыкка” Орунбеков билдирди. Президенттин укугун сотто адвокат Чынара Мусабеков коргоп жатат.

Ал эми президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун үстүнөн жазылган арыз 1-февралда каралат.

Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында Орунбековду башка бирөөлөрдүн буйругунун негизинде иштейт деп айыптаган. Андан соң Фарид Ниязов ушул жаатта кайрылуу жасаган. Мындан улам кадыр-баркыма шек келди деген доомат менен журналист алардан символикалык түрдө бир сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.

Буга чейин Дайырбек Орунбеков maalymat.kg сайтында июнь коогасы боюнча Атамбаевди каралап жазган деп табылып, 2 млн. сомго айыпка жыгылган. (SE)

XS
SM
MD
LG