Европа биримдигинин соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин бир нече жакын адамдарына каршы киргизилген санкцияларды мыйзамсыз деп тапты. Атап айтканда сот 2014-жылы мурдагы өкмөт башчы Микола Азаров, уулу Олексий, Улуттук банктын экс-жетекчиси Сергей Абрузов жана мурдагы энергетика министри Эдвард Ставитский, ишкер Сергей Клюевдин банк эсептерин камакка алуу туура эмес болгон деген бүтүмгө келди. 2014-жылдын мартында ал беш киши Януковичтин тушунда Украинанын мамлекеттик каражаттарына кол салган деген шек менен “кара тизмеге” киргизилген. Евробиримдиктин Башкы соту 28-январда алар тизмеге өлкөнүн Башкы прокуратурасынын катынын негизинде камтылганын билдирди. Бирок конкреттүү далилдер менен бекемделген эмес деп тапты
Соңку чечим 2014-жылдын мартынан кийинки жылдын мартына чейин киргизилген санкцияларга гана тиешелүү.