Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Келдибековдун соту дагы жылды


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу мурунку спикер Акматбек Келдибековдун cоту 11-февралга жылды. 28-январдагы отурум күбөлөрдүн келбей калганынан улам 29-январга которулган болчу. Бирок Келдибековдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу иш каралбай калды.

Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталып, 2013-жылы камакка алынган. Өткөн жылы Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 миллион сом айып пул салган.

Прокуратура сот өкүмү жеңил болуп калганын белгилейт. Адвокаттар өкүлчүлүктү ачуу жалпы парламенттин чечими болгонун белгилеп, аны аныктоо үчүн ошол кездеги депутаттарды күбө катары суроону, Келдибековду толук актоону талап кылууда.

Сот буга чейин ошол кездеги парламент мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн уккан. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG