Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Жалал-Абад облустук прокуратурасы соттордун жоопкерчилигин кароону сунуштады


Жалал-Абад облустук прокуратурасы аймакта оор кылмыш жасагандарга жеңил жаза чектеп, мыйзам бузууга жол бергени үчүн беш судьянын ишин карап, жоопко тартуу сунушу менен Сотторду тандоо кеңешине кайрылды. Билдирүүдө Кара-Көл шаардык, Токтогул жана Сузак райондук сотторунда иштеген судьялардын аты-жөнү жазылган. Бул тууралуу облус прокуроpунун орун басары Нурлан Дардаңов кабарлады.

Мисалы, Токтогул районунун судьясы зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон жаранга шарттуу түрдө 3 жыл сынак мөөнөтүн берүү тууралуу өкүм чыгарган. Прокуратура бул боюнча облустук сотко доо арыз жазгандан кийин ал жаран 20 жылга эркинен ажыратылган.

Ишинде алешемдик бар деп айтылган судьялардын иши Сотторду тандоо кеңешинде каралууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG