Жол кайгуул кызматынын өкүлүн BMW 530 үлгүсүндөгү унаанын капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун аты-жөнү такталганын Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Анын машинеси табылып, өзүн кармоо иштери жүрүп жатат. Тастыктала эле кабарларда ал өлкөдөгү бир аткаминердин тууганы экени айтылууда.
Маалыматка ылайык, 27-январда Бишкектин Шопоков көчөсүндө мамлекеттик номуру жок унааны жол кайгуул кызматкери токтоткон учурда, айдоочу качып жөнөгөн. Маичи анын унаасынын капотуна асылып 1 километрдей сүйрөлүп барганы жазылган видео интернетке бейшемби күнү чыккан.
Ушундай окуя Бишкекте бир жарым жылдай мурун да болгон. (SE)