Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарында кургак учуктан көз жумгандар көбөйдү


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Нарын облусунда кургак учуктан көз жумгандар көбөйүүдө. Былтыр эле бул дарттан аймакта 24 киши каза болгон. Бул сан 2014-жылга сaлыштырмалуу сегиз адамга көп. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө түшкөн расмий маалыматтардын негизинде обладминистрациянын маалымат катчысы Айнура Дүйшө кызы билдирди. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай жагдайга адамдардын ден соолукка кайдыгерлиги жана дарыгерлердин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болууда.

Нарын облусунда кургак учук менен ооруган 609 киши каттоодо турат. Алардын 16сы балдар. (MiK)

XS
SM
MD
LG