Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Сейил бакта семичке чаккан кызга айыппул салынды


Акшоола Болотова.
Акшоола Болотова.

Бишкектеги “Ата Түрк” сейил багында семичке чагып, отурган жерин таштандыга толтурган Акшоола Болотовага 2000 сом айып пул салынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын сунушу менен ишти Октябрь райондук акимчилиги иликтеди. Бүгүн Болотова акимчиликке чакырылып, ага салынган айыппул тууралуу маалымат уктурулду. Жыйындын соңунда ал видеону тартып, интернетке тараткандарды сотко берерин билдирип, “семичке чагуу” жоругун талкуулагандарга капа экенин, анын дарегине сын айткандардын “жашоодо максаты жок экенин” айтты.

2015-жылдын күз айларында тартылып, быйыл январда интернетке тараган видеодо Акшоола Болотова курбусу менен сейил бакта семичке чагып, айланасын таштандыга толтурган учур сүрөттөлгөн. Бул жоругу үчүн комментарий сураган жигиттерге тоотпостук менен мамиле жасаган кыз айлана-чөйрөнү тазалоого атайын жумушчулар милдеттүү экенин, аларга мамлекет акча төлөп берерин белгилеген.

Бул окуя коомдо кызуу талкууланып кеткен соң Акшоола өмүрүнө кол салып, ооруканага түштү деген маалымат чыккан. Муну ал жалган кабар деп атады. (SE)

XS
SM
MD
LG