Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Сауд Арабиядагы мечитте жума намазында ок атышуу болду


Кабарларга караганда, Сауд Арабиянын чыгышындагы шийилердин мечитинде ок атышууда 3 киши мерт кетти, бир нечеси жараат алды. Махасен шаарындагы Иман Реза мечитине кол салуу жума намазы учурунда болду. Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө кан жалаган жарадар кишилерди көрсө болот. Азырынча өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары окуя боюнча эч нерсе кабарлаша элек.

Рейтер кабар агенттиги жергиликтүү жашоочулардын айткандарына таянып, коопсуздук күчтөрү куралчан “террорчулар” менен атышканын билдирди. Падышалыктагы шийилерге буга чейин “Ислам мамлекети” уюмунун радикалдары кол салган учурлар болуп келген. Айдын башында Сауд Арабияда шийилердин белгилүү динаятчысынын өлүм жазасы аткарылгандан кийин аймактагы кырдаал кескин курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG