Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Рейтер: Орусиялык учакка бомбаны египеттик механик койгон болушу мүмкүн


Рейтер агенттиги Синай жарым аралында жарылган орусиялык учакка бомбаны Египет Аба жолдору компаниясынын механиги койгон деп шектелгенин кабарлады. Маалыматтарга караганда, анын жакын тууганы “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулган.

Каир бийлиги Шарм-Эль-Шейх курортунан Санкт-Петербургга бараткан жүргүнчү учактын кулашына террордук аракет алып келгенин далилдеген фактыларды азырынча таба электигин ырастоодо.

Египет аба жолдору компаниясынын жогорку расмий өкүлү кызматкерлерден эч ким камакка алынбагандыгын же шектелбегендигин айтты. Муну өлкөнүн Ички иштер министрлигиндеги адамдар да бышыкташты. Бирок айрым булактар бүгүн Рейтерге механиктин жана ага көмөктөшкөн деп шектелген аэропортто иштеген эки полициячы,жүк ташыган киши камакка алынганын маалымдашкан. Былтыр октябрда болгон кырсык 224 кишинин өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG