АКШда "Челенжер" космос кемесинин кыйрашынын 30 жылдыгында ааламга жөнөп жатып же жердеги даярдыктар учурунда курман болгон америкалык 24 астронавтты эскеришүүдө. Алардын ысымдары Канаверал тумшугундагы Кеннеди атындагы космодромдо орнотулган эстеликке чегилген.
НАСАнын демилгеси менен маркум-астронавттар январдын аягында эскерилет. 1967-жылдын 27-январында "Апполон-1" кемесин учурууга даярдык маалында катуу өрт чыгып, экипаждын үч мүчөсү каза болгон. 1986-жылдын 28-январында жети астронавтты ташып бараткан "Челенжер" чөлмөгү учурулгандан 73 секунд өткөндөн кийин жарылып, космосту өздөштүрүү тарыхындагы эң ири катастрофа болуп калган. 2003-жылдын 1-февралында болсо Жер орбитасынан кайтып келаткан Колумбия чөлмөгү Техастын үстүнөн өрттөнүп, кыйроого учураган.