Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Назарбаев долларды унутууга чакырды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын бүгүн Астанада өткөн кезектеги курултайында казакстандыктарды “теңгеге жашап” долларды унутууга чакырды. Элбашынын пикиринде, мунайдын дүйнөлүк баасынын төмөндөп кетишине байланыштуу теңгенин кунунун качышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Назарбаев элди мунайдын кымбатташын күтпөй, дал ушундай шарттарда жашоого үйрөнүүгө үндөдү. Өткөн жылдын август айында казак бийликтери улуттук акчаны эркин коё беришкен. Соңку жарым жылда теңгенин наркы долларга карата 100 пайызга арзандады. Президенттик партиянын курултайы 20-мартка белгиленген мөөнөтсүз парламенттик шайлоону утурлай өтүүдө.

XS
SM
MD
LG