Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр оппозициянын өкүлдөрүсүз башталды


БУУнун Сирия боюнча өкүлү Штефан де Мистура сириялык негизги оппозициялык топтордун катышуусуз эле Дамаск делегациясы менен Женевада тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштады. 29-январда де Мистура Сириянын Улуттар Уюмундагы элчиси Башар Жаафари баштаган топ менен жолугушту.

Сауд Арабия колдогон оппозициялык уюмдардын коалициясы камоолдогу шаарларга жардам берүү жөнүндө Дамаск режими менен келишим түзүлмөйүнчө 29-январга белгиленген жолугушууга барбайбыз деген шарт коюшкан. Сүйлөшүүгө өлкөнүн түндүк бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн сириялык күрттөрдүн өкүлдөрү да чакырылган эмес. Кошуна Түркия аларды Күрттөрдүн жумушчу партиясы менен байланышта деп, катышуусуна каршы болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бейшембиде Женевадагы жыйын Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк түзмөк деп билдирди.

Оппозициянын бойкоту беш жылдан бери жүрүп жаткан урушту токтотуу аракеттинде тараптарды сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга далалаттанган БУУ үчүн чоң чегинүү катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG